Элчи кошо катышты. Турциянын эс алуу багында кыргыздар тушоо төй өткөрүштү

Sokol.media- Турциянын баш калаасы  Анкара шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында кыргызстандыктар тушоо той өткөрдү. Бул тууралуу TRT кыргызча басылмасы жазып чыкты. 

Ага Кыргызстандын Турциядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана элчиликтин кызматкерлери менен катар Анкарадагы кыргыздар катышты.

Салтка ылайык, тушоосу кесиле турган он бала үчүн жарыш уюштурулуп, алдыда келип тушоону кескендерге сыйлыктар берилди. Дастарконго кыргыздын тамактары коюлуп, балдарга каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле ыр-күүлөр чертилип, жакшы маанай тартууланды”, – деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.