Өмүрүнүн аягына чейин чогуу болуп,бир күндө каза тапкан жубайлардын окуясы

Sokol.media- Америка Кошмо Штаттарында , улгайган күйөөсү менен аялы Кэл жана Линда Данхэм бир күндө ошол эле ооруканада каза болушкан, ал эми аялы куйөөсүнөн бир мүнөткө гана ашык жашаган. 

«Лента» жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен билдиргендей, аларга коронавирус диагнозу  коюлуп, жубайлар бир убакта ооруканага жаткырылган. Оорулуулардын ден соолугу барган сайын начарлап, бир убакта оорукананын кызматкерлери алардын өлүп жатканын түшүнүп, аларга жардам берүүнүн жолу жок болгон.  Мындай жагдайды алар өздөрү дагы түшүнүп,сезип күйөөсү медайымдардан аны жубайынын палатасына  жеткирүүнү суранган. 

«Апам ар дайым атама, эгер ал андан мурун өлсө, ошол учурда анын жанында болоорун айтчу. Дал ушундай болду»,-деди Кэл менен Линда Саранын кызы. ⠀

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.