Бишкекте 7 килограммдан ашуун гашиш баңги каражатын саткан жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенүүчү жактарды аныктоо максатында, ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, «А» аттуу жаран баңгизатты (гашиш) сатуу менен алектенет деген маалымат алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте атайын тергөө аракеттери — “көзөмөлдөп сатып алуу” жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, 417 грамм салмактагы «гашиш» баңги каражаты төрт жолудан ашуун сатып алынган.
Натыйжада Тогуз-Торо районунун жашоочусу 1971-жылы туулган К.Т. аттуу жарандын өздүгү аныкталган.
Кайрадан жүргүзүлгөн “көзөмөлдөп сатып алууну” ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын жана Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 23-сентябрында Сузак районунда “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү авто унаасында 6 кг ашуун баңги каражаттын сатуу учурунда К.Т. аттуу жаран кармалган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 6 кг 940 гр. салмактагы «гашиш» баңги каражаты болгондугу аныкталган. Буга чейин сатылып алынган зат менен бирге жалпы салмагы 7 кг 357 гр. түздү.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.