Депутат Бакыт Төрөбаев: «Быйыл шайлоо оор болот»

«Быйыл шайлоо оор болот». Мындай пикирин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Бакыт Төрөбаев Турмуш кж  басылмасына берген инстервьюсунда билдирди: 

«Бул жолу деле шайлоо оңой болбойт. Анткени уюштуруу иштери оор болот. Кризистик абал өкүм сүрүп жатат. Ал эми биздин партия боюнча айтсак, шайлоого катышууга арыз берген жокпуз. Анткени партия ичинде сүйлөшүү жүргүздүк. Биздин айрым балдар бир мандаттуу округдан шайлоого бармай болушту. Партиянын кээ бир мүчөлөрү башка партия менен биригип барууну туура көрүштү.

Азыркы жаңы мыйзам тандоо укугун берди. Буга чейин айрым саясатчылар: «Конституциянын нормалары бузулуп жатат. Силер партиялык тизме менен шайлоо кылып, жарандарыбыз шайлоо укугуна ээ болгон менен шайлануу укугунан ажырап калышты. Партияга кирбеген жарандарыбыз депутаттыкка коё албай, укуктары чектелип жатат» дегенди көп айтышчу. Бүгүнкү күндө ким болсун кааласа партия менен, кааласа бир мандаттуу округдан талапкерлигин коё алат. Чектөө жок. Тандоо эркин. Дагы бир жагдай, мейли партия менен бар, мейли бир мандаттуу округдан кой, добуш алган гана талапкер депутат болот»,-деген ал. 

Читайте также: