Панфилов жана Жайыл районунда Юстиция үйүн ачуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулунун жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбековдун коштоосунда Чүй облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Иш сапардын алкагында Юстиция министрлигинин жетекчилери Жайыл жана Панфилов районуна барышты. Юстиция министри Жайыл районунун администрациясынын башчысы Торогелди Туркбаев жана Кара-Балта шаарынын мэри Шакирбаев Данияр менен, жана Панфилов районунун администрациясынын башчысы Маил Алиаскаров менен жолугушуп, аталган аймактарда Юстиция үйүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, ошондой эле келечекте Юстиция үйүн жайгаштырууга сунушталган имараттарды карап чыкты.
Ошондой эле, ведомствонун жетекчилери пробациянын аймактык органдарына, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлорго жана нотариалдык контораларга барып, алардын учурдагы иши менен таанышышты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.