«Ашыкча сөз сүйлөп алдык». Башкы прокурор Зулушев менен депутат элдешти

Депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Курманкул Зулушев менен болгон пикир келишпестиктер жоюлганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Курманкул Токторалыевич менен пикир келишпестик болуп калды. Эмоция менен бири-бирибизге ашыкча сөз сүйлөп алдык. Жолугуп ортодон чыккан түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарып алдык», — деди Жээнчороев.

Башкы прокурор: «Биз мыйзам боюнча талашканыбызды түшүнсөңүз болду. Башкы прокурор катары бирөөнүн артынан буйрутма, арыз берип же камап укугун тебелебейм, тебелегенге акым дагы жок. Буйрутма менен иш кылбайбыз«, — деди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.