Жакында белгилүү актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

Бишкек, 24.08.2021 Sokol.media

Лос -Анжелестеги Азия эл аралык кинофестивалынын чакыруусу боюнча Бишкекте (Asian World Film Festival) Түркиянын Стамбул шаарында телесериалга байланыштуу жаңы эл аралык долбоордун презентациясына, белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келет. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Азия эл аралык кинофестивалы Лос-Анжелесте коомдук ишмер, учурда Франциядагы жана ЮНЕСКОдогу ыйгарым укуктуу элчи Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы негизделген. Ал эми  2019 -жылдан бери фестивалдын төрагасы болуп  ишкер жана меценат Шухрат Ибрагимов иштеп келет.

Уюштуруучулардын айтымында, Бишкек шаарында сентябрь айларынын башында жаңы долбоордун урматына пресс -конференция жана жеке жабык кечки тамак болот. Мерьем Узерлиден тышкары, атактуу немис сүрөтчүсү Мартин Вертмандын, фестивалдын аткаруучу директору Джордж Шамшумдун,  продюсер, аялдардын укугун коргоочу жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Мерал Мелики Дурандын катышуусу күтүлүүдө.

Мерьем Узерли 2019-жылы Азия эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун төрагасы болуп иштеген.

Фестивалдын өнөктөштөрү — престиждүү «Алтын глобус» киносыйлыгын тапшыруу аземин уюштурган Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясы.

Аккредитациялоо үчүн:  asianworldtvsa@gmail.com дарегине жазыңыз

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.