Спортчу Владислав Шулико 82 километрди сүзүп өттү

Бишкек, 24.08.2021 Sokol.media

Рекордду жаңылоого аракет жасап жаткан спортчу  Владислав Шулико 82 километрди сүзүп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты.

«Бүгүн 3-күн. Аба ырайы жакшы эмес, майда толкун болуп жатат. Суунун температурасы 21 градус. Бирок спортчу өзүн жакшы жана ишенимдүү сезип жатат. Бүгүн Бостери айылында сүзүп бара жатабыз. Тактап айтканда, 82 километрди сүзүп өттү. Марага чейин дагы 99 километр бар. Алдыда дагы 3 күнүбүз бар. Бирок Владислав Шулико эртерээк Балыкчы шаарына чейин сүзүп жетүүгө аракеттенүүдө», — деп билдиришти спортчуну коштоп жүрүүчүлөр.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.