Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп абактан чыкты

Бишкек, 24.08.2021 Sokol.media

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом төлөп, УКМКнын СИЗОсунан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактары билдиришкен. 

Буга чейин Абылгазиевдин ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан жеке менчик клиникалардын бирине которулганы маалымдалган.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту Абылгазиевдин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын 2021-жылдын 26-июль күнүнө чейин узарткан.

Маалымат үчүн:

Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон.

УКМК Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгын маалымдаган.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.