Депутат Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды

Бишкек, 24.08.2021 Sokol.media

Бишкек шаардык соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылды.

Ушул жылдын 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал «Кумтөр» боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу. 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Кумтөр» иши боюнча Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, мөөнөтү узартылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.