Аламүдүн суу сактагычынан адамдын сөөгү табылды

Бишкек, 24.08.2021 Sokol.media

Чүй облусунун Аламүдүн суу сактагычынан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Супара комплексинин үстүндө жайгашкан Аламүдүн суу сактагычында адамдын жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) калкып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук №1 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти

Читайте также: