ВИДЕО-Ырчы Нияз Абдыразаков кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуудан каза тапкан Мадинага арнап ыр жаздырды

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

Ырчы Нияз Абдыразаков кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуудан каза тапкан Мадина Рахматжановага арнап чыгарма жаздырды. Бул тууралуу ырчы мырза  социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу кабарлады:

“Баткен облусундагы чек арада болуп өткөн каргашалуу окуяда окко учуп каза тапкан 12 жаштагы карындашыбыз Мадинага арнап, “Кечиргин Мадина” аттуу жаңы чыгармамды сиздер менен бөлүшүүнү чечтим. 

Аталган чыгарма маркум карындашыбыз Мадинанын жаркын элесине арналат. Өлкөбүздө мылтыктын үнү угулбасын, элибиз аман, журтубуз тынч болсун!”, –деген ал. 

Эске салсак, 12 жаштагы Мадина Рахматжанова үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы башаламандык учурунда окко учуп каза тапкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.