ВИДЕО-Аксакалдар УКМКны муфтиятка кийгилишпөөсүн талап кылышууда

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

Өкмөт үйүнүн жанында митинг өтүп жатат. “Аксакалдар кеңеши” “Бакай “уюмунун мүчөлөрү УКМК муфтияттын ишине кийлигишпөөнү талап кылышууда.Бул тууралуу 24.кж сайты жазып чыкты.

Маалыматта, кабарчыга катышуучулардын бири Анварбек Төлөмүшевдин айтымында, өлкөнүн муфтийи Замир Ракиевди шайлоо мыйзамсыз болгон.

«Шайлоодо Замир Ракиевден башка жети талапкер болгон. Бирок УКМКнын кысымынан улам алты адам талапкерлигин алып салды. Султан Гафуров катышкысы келген, бирок экзаменге чейин алар муфтияттын имаратынын сыртында колун кайрып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып барышкан. Курултайдын делегаты катары мени да ошол күнү кармашты. Бирок эки сааттан кийин кечирим сурап, кое беришкен. Ошентип, Султан Гафуровдун экзаменге келбегенин шылтоолоп, анын талапкерлиги да алынып салынды. Ал эми Замир Ракиев муфтий болуп шайланды », – деди Анварбек Төлөмүшев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.