Ташиев тууралуу видеолор өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында даярдалганы айтылды

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин видеосу менен даярдалган кыскача ролик жарыяланып, талкууга алынган.

Социалдык тармактын колдонуучусу, Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов бул видео былтыр тартылганын жазып чыкты.

«Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрдү жазып, таратып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма өткөн жылы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт учурунда жасалган. Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги — байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан жалгыз калганына карабастан өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтүндөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт», — деп жазды ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.