Руслан Казакбаев: «АКШ Афганистандагы аскерин Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча кайрылган»

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

АКШ Бишкекке Афганистандан америкалык аскерлерди Кыргызстанга алып келип жайгаштыруу суроосу менен кайрылды, бирок мындай тариздеги кызматташуу боюнча маселе каралган жок. Бул туурасында РИА Новостиге Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев маек куруп жатканда айтты.

«Бизде террорчулукка каршы Вашингтон менен өз ара кызматташуу боюнча жетишерлик деңгээлдеги, кенен тажрыйба бар. Өзүңүздөр билгендей, «Манас» аэропортундагы Жүк ташуу боюнча транзиттик борбордогу аба базага эл аралык коалициянын күчтөрүн кабыл алып жүргөнбүз», — деген Казакбаев.

Ошондой эле, министр Афганистандагы абал тез өзгөрүп жаткандыгын жүйө келтирип, кызматташуу боюнча да сөз кылган.

«Албетте, ар кыл өңүттөгү кайрылуулар, ар кыл деңгээлдеги кеп-кеңешүүлөр болгон. Бирок Афганистандагы абал азыр күн сайын өзгөрүп жатат. Учурда мындай форматтагы кызматташуу туурасындагы маселе каралган жок», — деген Казакбаев.

Бул туурасында министр АКШ Бишкекке Афганистандагы аскерлерди Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштадыбы деген суроого жооп берип жатып айткан.

Май айында Wall Street Journal басылмасы маалымат булактарына таянып, АКШ Афганистандан алып чыгып жаткан аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырышы мүмкүндүгүн, бирок азырынча макулдашуу жок экендигин жазган эле. Анда автабаза Америка Кошмо Штатына аскерлер үчүн эле эмес, пилотсуз башкарылуучу учактар, бомбалоочу жана артиллериялык техникалар үчүн зарыл экендиги айтылган. Бир катар аскер адамдарынын жана АКШ президенти Жозеф Байдендин админстрациясынын өкүлдөрүнүн пикирине караганда, контингентти Өзбекстан же Тажикстанга жайгаштырганда жакшы болмок. Себеби, алар Афганистан менен чектешет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.