Олимпиадалык команданы сыйлоого 59 миллион сом бөлүндү

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

Олимпиадачыларга, машыктыруучуларга, мугалимдерге жана медперсоналга жалпы жонунан 58 миллион 750 миң сом берилди.

Бүгүн, 23-августта, Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Спортчулардын ичинен эң чоң премия Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 миллион сомдон берилди (экөө тең күмүш медаль алган). Коло медаль ээси Мээрим Жуманазарова 7 миллион сом, кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 8 миллион 150 миң сом алды.

Эске салсак, Олимпиада алдында Кыргызстандын өкмөтү алтын медаль алгандарга 10 миллион, күмүш алгандарга 7 миллион, коло алгандарга 5 миллион берилерин кабарлаган.

Спортчулар менен курама команданын мүчөлөрү акчадан сырткары орден, медаль, унаа жана грамоталар менен сыйланышты.

Булак: Спутник кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.