Машыктыруучу Нурбек Изабековго 8 млн 150 миң сом акчалай сыйлык берилди

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өттү. 

 Биздин үч балбан кыздарбыздын машыктыруучусу Нурбек Изабековго 8 миллион 150 миң сом акчалай сыйлык берилди. Ал келе жаткан Олимпиадада бир нече алтын медаль алганга аракеттерин жасай турганын айтты.

«Кыргыз спортун ар тараптуу колдоп, спортчуларыбызга дем берип жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Сыйлоо аземинде спортчуларыбызды, машыктыруучуларыбызды, дарыгерлерибиздин эмгегин жогору баалап, татыктуу сыйлыктарды тапшырып жатканыңыздар үчун терең ыраазычылыктарыбызды айтабыз. Биз машыктыруучулар, спортчулар мамлекетибиздин өнүгүшүнө, эл аралык аренада өлкөнүн деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди жасайбыз. Келе жаткан Олимпиадада бир нече алтын медаль жеңип алганга аракетибизди жасайбыз», — дейт ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.