Достору качып кеткен. Көлгө эс алганы келген бала катуу сабалган

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

Бостери айылындагы пансионаттын аймагында эс алуучуларды сабады деген шек менен 6 адам кармалды. Маалыматты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Кечээ, 22-август күнү Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын 2002-жылы туулган тургуну Д.Данил милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 22-августка караган түнү саат 03:00 чамасында «Золотые пески» пансионатынын жээгинде жайгашкан «Пират» кафесине кайтып келген. Жолдо ал болжол менен 16-18 жаштагы 5-6 жигит менен жолугуп, алар менен чатакташкан. Андан кийин, арыз ээсинин айтымында, жигиттер аны сабай башташкан. Данилдин достору 2002-жылы туулган О.Д. жана Н.С. окуя болгон жерден качып кетишкен.

Текшерүү учурунда Данилдин качып кеткен достору бул окуяда жабыркабагандарын айтышып, арыз жазуудан баш тартышкан. Үч жердеш Бостериге эс алууга 21-августта келип, жеке конок үйлөрүнүн биринде калышкан. Кечки саат 21:00 чамасында жээктеги «Пират» кафесине келишкен. Алар бир топ балдар менен жолукканда (шектүүлөр) тамеки сурашкан. Алар Данилди сабай баштаганда, анын эки шериги качып, жакын жердеги дүкөнгө жашынып калышкан.

Бул факты боюнча материалдар Ысык-Көл ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.