Баткенден Бишкекке жумуш издеп кеткен. 4 жылдан бери дайыны жок жаран изделүүдө!

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

2016-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Тамаша айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Имаралиев Эргешали Нишанович Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2017-жылдан бери дайыны жок. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 
Учурда бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 165-170см., кашы көзү кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.