Айсулуу Тыныбекова: Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!

Бишкек, 23.08.2021 Sokol.media

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өтүп, Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон Айсулуу Тыныбекова 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 унаасын алган.

Балбан кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

«Урматтуу достор!

Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!

Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!

Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.

«Toyota RAV4» үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!», деген ал. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.