Талибдер Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

Бишкек, 20.08.2021 Sokol.media

Болжол менен 10 күн мурун Ооганстанды басып алган талибдер «жалпы мунапыс» жарыялаган. Бул билдирүүдөн көп өтпөй, Талибандын согушкерлери Ооганстандын Гератка жакын Бадгис провинциясында полиция башчысы Хаджи Мулла Ачакзайды өлтүрүштү, деп маалымдайт News Week.

Бейшемби күнү Твиттерде бөлүшүлгөн видеодо Ачакзайдын көзүн байлап, талибдердин курчоосунда тизе бүгүп, аны бир нече жолу атып салганын көрүүгө болот.

“Бул видеону талибдер менен байланышкан тармак аркылуу бөлүштү” деп билдирген Ачакзайды жеке тааныган ооган коопсуздук боюнча кеңешчиси Насер Вазири Newsweek басылмасына. “Видеону башка полиция жана мамлекеттик кызматкерлер карап чыгышты” деген Вазири кошумчалай.

Козголоңчулар Ооганстандын жарандык өкмөтү менен бирге талибдер менен көптөн бери күрөшүп келген Ачакзайды издеп жүрүшкөн.

“Аны талибдер курчап алышкандыктан багынып берүүдөн башка аргасы калбаган. Ачакзай жогорку даражалуу чалгын кызматкери болгондуктан, аны талибдер өлтүрүшкөн” ,-деди Вазири.

Ачакзай талибдер тарабынан бутага алынган көптөгөн жарандык өкмөт өкүлдөрүнүн бири.

Жакында Талибандын согушкерлери Ооганстандын Тахар провинциясында жоолук салынбаганы үчүн бир аялды атып өлтүрүшкөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.