Салмагы 57 килограмм. Илон Маск 2022-жылы адам кейпиндеги роботту чыгарат

Бишкек, 20.08.2021 Sokol.media

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск прототиби 2022-жылы пайда боло турган  Tesla Bot аталышындагы гуманоид (адам кейпиндеги) роботту жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аталган робот Tesla Bot деген аталышта болуп, анын  узундугу 172 сантиметр, салмагы 57 килограмм болот. Жүзүнүн ордуна экран жайгаштырылат жана колу-буту 40 сервопривод аркылуу башкарылат.

Эскерте кетсек,  Илон Маск Марс планетасына учуучу ракетанын прототибин сыноодон өткөргөн. Ал 150 метрге чейин учкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.