Ооганстан: Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына убактылуу заставалар орнотулду

Бишкек, 20.08.2021 Sokol.media

Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына убактылуу чек ара заставалары орнотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылуу максатында убактылуу чек ара заставалары орнотулду. УКМКнын Чек ара кызматы башка күч структуралары менен бирге пландаштырылган чалгындоо жана издөө аракеттерин жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын өулдөрү күнүмдүк нөөмөттө турат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына уруксат документтери болгондо гана өткөрүү пункттары аркылуу кире аларын эскертет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.