Чүйдө кудук казып жаткан үч кишинин бирөө көз жумду

Бишкек, 20.08.2021 Sokol.media

Чүйдө кудук казып жаткан үч кишинин бирөө көз жумганын ӨКМ билдирди.

Окуя Чүй айылынын Пош конушунун Проектируемый көчөсүндөгү үйдүн жанында болгон.

«Үч эркек киши кудук казып жатышкан. Тереңдиги болжол менен 15 метрге жеткенде бирөөсүнүн деми кысылып, каза болгон. Экөө жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон кишини кудуктан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар чыгарган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.