Жапаров Кыргызстан менен Россияга доллардан баш тартууну сунуштады

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан III кыргыз-россия бизнес-форумунда доллардан баш тартууну сунуштады.

Министр бардык эл аралык жыйындарда кара кабинкада котормочулар отурарын, бирок бүгүнкү иш-чарада андай маанилүү атрибут жок экенин белгилеген.

«Россия менен Кыргызстан үчүн котормочу жана кулакчындын кереги жок. Анда эмне үчүн соода жүгүртүүдө доллар ортодогу котормочу болуп чыгууда. Биз эбак эле Россиядан сураганбыз…», — деди Жапаров.

Ошол учурда форумдун катышуучулары министрдин сөзүн кубаттап кол чаап ийишти.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.