Жалал-Абадда бир үйдө 43 жаран тилемчилик менен алектенген

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Жалал-Абад облусунда «тилемчи» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 19-августта милиция кызматкерлери социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда тилемчилик кылган жарандардын жашаган жерлерин аныктоо иштери жүргүзүлдү.

«Таң эрте Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү текшерилип, тилемчилик менен алектенгендер турак үйдү убактылуу ижарага алышып, жашап келишкендиги белгилүү болду. Алар Жалал-Абад ШИИБине алып келинип, аты-жөндөрү аныкталып, тиешелүү документтери текшерилди. Натыйжада алардын ичинен 24 жаран Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келгендиги аныкталды. Ал эми 19 жаран Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлү тектүү жарандар экендиги такталды.

Жалпысынан тилемчилик менен алектенген 43 жаран аныкталып, алардын ичнде 70 жашка чыккан карыя, 18 өспүрүм жана 4 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгон. Аларга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.