ВИДЕО-Көчөдө бир нече саат турган чемодандын ичинен милиция 15млн рубль тапты

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Россияда 15 миллион рублду чемоданга салып, командировкага бара жаткан жаран акчасын унутуп кеткен. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал акчасын таксинин жанында калтырып кеткен.

Чемодан көчөдө бир нече саат туруп калган. Андан кийин жергиликтүү тургундар байкап, милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Милиция кызматкерлери келип, чемодандын ичинен 15 миллион рубль менен кошо кишинин өздүк документтерин табышкан. Акча ээсине кайтарылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.