Той мамлекеттик резиденцияда өткөн. Ташиевдин уулу үйлөндү

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу үйлөндү. Бул тууралуу SUPER.KG’ге үйлөнүү тойго күбө болдум деген адам билдирдген.

Анын айтымында, үйлөнүү той мамлекеттик резиденцияда өткөн.

Айрым маалыматтар боюнча, Ташиевдин ортончу уулу Тимурлан Ташиев үйлөнгөн. Маалыматты азырынча мамлекеттик резиденция тактай элек. Ал эми модель, аталган үй-бүлөнүн келини Эркайым Абдуллаева кечээ инстаграмдагы баракчасына колуктунун үйлөнүү үлпөтүндөгү сүрөтүн сторис функциясына жүктөгөн.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасынын улуу Таймурас Ташиев 2018-жылы модель Эркайым Абдуллаева менен баш кошкон. Кичүү баласы Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын «Леванте» футболдук клубунда ойнойт.

Булак: супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.