Кыргызстанга Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко келди

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Кыргызстанга Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.