Кабул: АКШ учагынын шассисинен кулагандар 16,17 жаштагы бир туугандар болгон

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Талибан кыйымылы Афганистандын борбору Кабылду басып алгандан соң, өлкөдө хаос орун алды. Миңдеген жарандар өлкөдөн чыгып кетүүнүн аркетин көрүшүүдө.

Американын аскердик учагына чабуул койгон афгандыктар учактын шассисин кармап качып кетүүгө аракет кылышкан.

Учак абага көтөрүлгөндө анын шассисине жармашып качууга аракет кылган үч адам абадан жерге кулап түшкөнү байкалып, бул  окуя дүйнөнү дүрбөлөңгө  салды.

Кулаган үч адамдын экөөсү 16 жана 17 жаштагы бир туугандар экени аныкталды.

«British Mirror» маалымат булагы, жергиликтүү булактарга таянуу менен; Эки бир тууган, 8 бир туугандын улуусу болгонун, 20 миң киши Канадага же АКШга көчүрүлөт деген имиштерден кийин аэропортко чуркаган топ менен аралашып кетишкенин жазды.

Билдирүүдө, бир туугандардын биринин сөөгү дагы деле табыла электиги айтылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.