Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

31-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жана менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалар шаар тазалоого чыгат.

Буга байланыштуу мэрия бардык кызматкерлерди, жеке ишкерлерди, шаар тургундарын активдүү катышууга чакырат. Мындай чечим Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусундагы штабдык жыйында кабыл алынган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.