Бишкектин үч жеринде кошумча эмдөө пунктулары ачылды. Дареги

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Кошумча эмдөө пунктулары “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын “Бишкектеги почта” филиалында жана эки Калкты тейлөө борборунда ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Почтанын филиалы Чүй проспекти, 96 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары, 4 жана Жибек Жолу, 381 дарегиндеги № 3 жана №4 Калкты тейлөө борборлорунан эмдөөдөн өтүүгө болот.
Мындан тышкары, Баткен облусундагы Калкты тейлөө борборунда (Баткен, Салихов, 33/1 көчөсү) вакцина сайган жер ачылды.
Каалоочулар эмдөөдөн бекер өтөт, болгону паспорт ала баруу керек.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.