Бектур Асанов: Фарид Ниязовдун “куугунтукка кабылдым” дегенине ишенбейм

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Экс-депутат, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов Фарид Ниязовдун кечээ, 18-августта жасаган кайрылуусу тууралуу пикирин «Саясат. kg» маалымат порталына билдирди.

-Бектур байке, Фарид Ниязов Орхан Инандыга жарандык мыйзамдуу берилгенин айтып, өзүнө тагылган айыпты мага болгон куугунтуктун уландысы дептир. Бул боюнча кандай ойдосуз?
-Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгы мыйзамдуу берилгенби, берилбегенби билбейм. Себеби, колумда ал ишке тийиштүү документ жок. Ошондуктан бул маселе сөз кошо албайм. Бирок, Фарид Ниязовдун “куугунтукка кабылдым. Саясий куугунтук уланып жатат” дегенине ишенбейм. Анткени, Атамбаев баштаган топтун учурунда куугунтукту ченебей кылганын элдин баары билет. Алар бийликке келип алып, өз билгенин жасашкан. Ошон үчүн Фарид Ниязовдун бул ишти куугунтуктун уландысы дегенине ишенбейм. Анткени, Фарид Ниязовдун мындан башка деле кылмыштары жетишерлик. Ага карабай өзүн өзү актоого аракет кылып жаткандай.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.