Бекешев Сариевке 15 мүнөткө жолугуп чыкты

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Депутат Дастан Бекешев абактагы Темир Сариев менен жолукканын Телеграм каналында маалымдады.

«Мен бүгүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, Темир Сариев менен жолуктум. Аны сыйлагандыктан ден соолугунан кабар алдым. Ал өзүн сергек алып жүрөт. Бирок ден соолугу жайында эмес. Спорт менен машыгууга аракет кылып жатат. Маанайы жакшы. Ал өзүнүн күн тартиби, эмне менен алек болуп жаткандыгы тууралуу айтып берди. Мен ага Марк Аврелийдин «Жалгыз өзү» аттуу китебин белек кылдым. Китеп жан дүйнөсүнө жана көз карашын өзгөртүүгө жардам берерин айттым. Биз 15 мүнөттүн ичинде саясат тууралуу сүйлөштүк. Аз убакыттын ичинде биз мүмкүн болушунча көп темаларды талкуулоого аракет кылдык», — дейт Бекешев.

Эскерте кетсек, экс-премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан 3-августта кармалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.