Байге фонду 1 миллион сом! Эгемендүүлүктүн 30-жылдына арналган кыргыз-казак айтышы өтөт

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айтышкан акындардын төмөнкү артыкчылыктарына карата баа берилет:

1. Ырынын көркөмдүгү, төкмөлүк шыгы, уйкаштыгы, оюнун тереңдиги, салттуулугу, нарктуулугу.

2. Аткаруучулук чеберчилиги.

3. Сахнадагы маданияты.

Байге фонду: 1 000 000 (бир миллион) сом.
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышына кош байге коюлат.

Уюштуруу тобу: 

— Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги,

— Республикалык “Айтыш”коомдук фонду.
Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу 625.
Байланыш номуру: 0702 44 41 44

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.