Бүгүн дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарованын сиңдиси күрөшөт

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова бүгүн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында килемге чыгат. Мурдагы күнү тартылган чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентин менен күч сынашат.

Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Сезим Жуманазарова 57 килограммда ат салышат. Белгилей кетсек, Сезим — Токио Олимпиадасынын коло медалын уткан Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.