2 миллион сом! Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек, 19.08.2021 Sokol.media

Жети-Өгүз РИИБне Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, август айынын баш ченинде «Али» аттуу жаран, андан 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм абрикос өрүгүн алып, акча каражатын бир жуманын ичинде төлөп берем деп убада кылып, төлөбөстөн кетип калганын билдирген. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, арыз райондук милициянын КЖБРне катталып, жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал Орусия мамлекетинин 40 жаштагы жараны М.М. болуп чыкты.

Андан тышкары, милиция кызматкерлерине түшкөн ыкчам маалымат боюнча шектүү жаран, жакынкы арада Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө даярданып жатканы да белгилүү болгон. Ушундан улам, тергөө кызматы тарабынан «Манас» эл аралык аэропортуна жана чек ара кызматына билдирме жиберилип, аны чыгарбоо боюнча атайын иш кагазы чыгарылган.
Жакында, шектүү М.М. республиканын аймагынан учуп кеткени жатканда, аэропортун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү катары кармалган М.М., алдамчылыктын дагы 60 учуруна тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Бардык аныкталган учурлар боюнча жабырлануучулардан арыздар алынып, райондук милициянын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынды.
Учурда, Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү М.М. башка ушул өндүү алдамчылыка тийиштиги бар, же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Ал эми, кылмышка шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.