Рамзан Кадыров: «Бен Ладен да, талибдер да Американын долбоору»

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

Ооганстандагы бийликтин талибтерге багынып бергенден кийин аны меннен чектеш дегеле Орто Азиядагы мамлекеттер чек арасын бекемдеп даяр турушун айтып Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Instagram баракчасынан кайрылуу жасады.

Анда ал бул болуп жаткандын баары АКШнын долбоору экенин баса белгиледи.

Америка мусулмандарга каршы дагы бир афераны ойлоп тапты. Алар эч кайда кетпейбиз деп айтышкан, эми баарын таштап качып кетти. Элестеткиле, 10 жылдан бери ал жакта адамдар өлүп жатат. Беш жыл мурда эле 2 миллион жай тургун каза болгон. Азыр алардын саны канчага жетти? Жөнөкөй элди эле кыйнап жатышат. Бен Ладен Американын долбоору болчу, талибдер да алардын долбоору. Ошондуктан союздаш мамлекеттер чек араларын бекемдеп, баарына даяр болушу керек. Биздин өзбек, тажик, кыргыз, түркмөн бир туугандар сак болушу керек. Афганистан менен чектешкен аймактарда абал кооптуу. Урматтуу америкалыктар ошону каалап жатышат”, — деди Кадыров.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.