ОшТв башка жактан келген жетекчини кабыл албайт

ОшТв телеканалы Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу жетекчиликке твнын өзүнөн адис бар экендигин жазып чыкты.

«ОшТВ телеканалы өлкө эгемендүүлүгүнө эгемендеш телеканал.
30 жыл тарыхында мамлекет көргөн тарыхый окуяларды бирге өткөрдү.
Албетте, бул каналдын маалымат айдыңында өз орду, көрүүчүлөрү бар.
Соңку күнү телеканалды татыктуу жетектеп келе жаткан жетекчинин алмашуусу боюнча маалыматтар тарап жатат.
“Азаттыкта” иштеген жаш журналисттин келишин коллектив эле эмес коомчулук деле кабыл албайт. Зарыл болсо, телеканалдын жалпы жамааты ички ишмердүүлүктү түшүнгөн, тажрыйбалуу адисти жамааттын ичинен сунуштайт.
Сырттан жаңы келген жетекчини ОшТВнын жалпы жамааты тааныбайт.
#Коллективбирге
Садыр Жапаров», — деп жазган.

Ошондой эле ОшТвнын кызматкерлери сырттан келген жетекчини кабыл албай тургандыгын айтышууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.