Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер 4 күн катары менен эс алышат

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер 4 күн бою эс алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер 4 күн бою, тагыраагы 28-29-30-31-августта эс алышат.

«Кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында өкмөт 2021-жылдын 4-майында №188 «Эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө» токтом кабыл алынган.
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 10-майындагы эс алуу күнү 2021-жылдын 30-август иш күнүнө которулган«, — деп жазылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.