Кемпир-Абад суу сактагычына 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-август күнү Кара-Суу районунун Правда айылында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына 23 жаштагы Э.А. аттуу жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Бүгүн, 18-август күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 09:15те ӨКМнын Өзгөн райондук куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу, республикалык куткаруу отрядынан 5 куткаруучу, жалпы 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында саат 15:12де куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген», — деп билдиришти аталган министрликтен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.