Катышуу бекер! Эртең Бишкекте «Саркеч Эркиндик» Fashion көргөзмөсү өтөт

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

BAIRA Мода Үйү, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган, Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өтө турган «Саркеч Эркиндик» Fashion көргөзмөсүн тартуулайт. Иш — чара социалдык мүнөзгө ээ. Шаар калкын, өлкөнүн этникалык маданияты менен тааныштырууга, урбанизацияга, глобализацияга жана мамлекеттик эгемендүүлүктүн шартында улуттук элементтерди сактоого багытталган. Андыктан, сиздин күнүмдүк жашооңузга арналган, заманбап жана стилдештирилген BAIRA кийим линиясы сунушталат! Моделдерде дизайнер BAIRA Толгонай жараткан түрдүү мезгилдердин коллекциялары болот. Бул уникалдуу мода окуясын чыдамсыздык менен күтөбүз!

Бул иш — чарага катышыңыз! 19 -август, 18:00 Эркиндик бульвары (Москва жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосунда) Катышуу бекер!

Көрсөтүүнүн өнөктөштөрү : Namba Media, Улут, Shoro компаниясы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.