Чүй ички иштер башкармалыгы: Ооганстан тууралуу туура эмес маалымат таркаткандар жоопко тартылат

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

Чүй ички иштер башкармалыгы Ооганстан тууралуу туура эмес маалымат таркаткандар жоопко тартыла тургандыгын билдиришти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Афганистан өлкөсүндө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу, айрым жарандар тарабынан аталган өлкөдөгү окуяларга тиешеси жок материалдарды таркатып, жашоочулар арасында негативдүү маанай жаратууда. 
Андыктан, Чүй облусунун ИИББы Афганистан өлкөсүндөгү окуяларга байланыштуу такталбаган материалдарды социалдык түйүндөр аркылуу таркатпоого чакырат жана такталбаган маалыматтарды таркатуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.