Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери темир жол бекетинде «Коопсуз поезд» аталышындагы профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Ысык-Көл облусуна темир жол багыты менен келген балдарга жана алардын ата-энелерине «Коопсуз поезд» аталышындагы маалымат-профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 
Сапарга даярдануу кымгуутунда, бекеттерде жана станцияларда өздөрүндөй эле саякатчыларынын арасында аралашып жүргөндө, ата-энелер жана балдар көпчүлүк учурларда өздөрүнүн коопсуздугун сактоо боюнча эрежелерин унутуп калышат. Коопсуздука болгон көнүл, жүрүп бара жаткан вагондордо, андан түшкөндө жана киргенде, поезд убактылуу токтоп турганда бекеттерде жана станцияларда, көп маани берилбей калгандыгы да кездешпей койбойт. Ушундан улам, Балыкчы шаарынын темир жол бекетинде түшүндүрүү иштерин өткөрүү уюштурулган.
Милиция кызматкерлери кичинекей жүргүнчүлөргө жана аларды коштоп жүрүшкөн чоӊ адамдарга, темир жол транспорту менен жүрүү учурунда, эмнеге негизги көӊүлдү буруу керектигин кеӊири айтып беришти. Укук коргоочулар тарабынан айтылган маалыматтар жеке эле балдарды эмес, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн да кызыктырды. Ата-энелер, чоӊ ата жана чоӊ апалар, кичинекей бөбөктөр милиция кызматкерлерин жаш наристелердин коопсуздугуна, өзгөчө маани менен кам көргөндүгү үчүн өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Балдарды коштоп жүрүшкөн улуу адамдар милиция кызматкерлеринен темир жолдо жүрүү учурунда кандай коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалымат эскертмелерин, ошондой эле Балыкчы ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин байланыш телефондорунун номурларын алышты.
Профилактикалык иш-чаранын акырында тартип сакчылары бардык жүргүнчүлөргө Ысык-Көл облусунда коопсуз жана көӊүлдүү эс алууну каалап кетишти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.