7 адам каза болгон. 5 адам оор абалда. Үрөй учурган жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкек, 18.08.2021 Sokol.media

Кечээ, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам, кийинчерээк каза болгондордун саны 7ге жеткени айтылган эле. Азыркы учурда 5 адам өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине  Кочкор райондук жалпы практикалык борборунун директору Туратбек Жумабеков билдирген:

«Башында 19 жүргүнчү ооруканага келип түшкөн. Алардын экөө бул жакта каза болду. Азыр 5 адам өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын арасында Спринтердин айдоочусу дагы бар.

Ал эми 8 адам хирургияда жатат. Бизге кечээ, 17-августта Бишкек шаарынан хирургдар келип, түнү менен жабыркаган жарандарды карашты. Нарын облустук ооруканасынан дагы келишти. Ошондо дагы 4 адам Балыкчы шаардык ооруканасында жатат. Биз колдон келген жардамыбызды берип жатабыз», — деген ал. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.