Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза тапты

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымыда (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Мерседес-Бенс-Спринтер (KG081ASV) менен Ман (04KG974ADG)  үлгүлөрүндөгү унаалардын кагылышкан. Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон, анын ичинен 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял), 10 адам жабыркады. Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда. Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.