Талибдер Ооганстандагы аймактардын бирине COVID-19га каршы эмдөөгө тыю салды

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Ооганстанга толук басып алган «Талибан» кыймылы өлкөнүн чыгышындагы Пактия провинциясынын жашоочуларына коронавируска каршы эмдөө алууга тыюу салышты. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак,  Пактия провинциясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Валаят Хан Ахмадзай талибдер аталган аймакты басып алган соң, вируска каршы эмдөө бөлүмдөрүнүн жабылышын талап кылган.

«Андан бери 3 күн өттү. Эмдөө бөлүмдөрү ачылбай турат», — деп билдирген жетекчи.

Талибдер ошондой эле, бардык медицина кызматкерлерине коронавируска каршы эмдөөнү токтотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.

Эске салсак, жекшембиде «Талибан» кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.