Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Талас шаарынын борбордук базарынын айланасын иретке келтиришти

Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Талас шаарынын борбордук базарынын айланасын иретке келтиришти

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 17-август күнү Талас облусунун Талас шаарындагы борбордук базарынын айланасында автоунаа токтоочу жайларында автоунааларды туура эмес токтотуп жол кыймылына тыгындарды жараткан айдоочуларга жана эл ташыган Талас-Бишкек каттамындагы такси кызматында иштеген, ошондой эле шаар жана райондор аралыкта иштеген такси кызматынын айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоосу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ал эми Талас шаарындагы борбордук базарынын айланасында автоунаа токтоочу жайларда туура эмес токтотуп тыгын жасаган айдоочулардын жол белгисине баш йибегени тууралуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодекси боюнча 12 тиешелүү протоколдор толтурулду, автоунааны мас абалында айдаган 3 айдоочу кармалды. Мындан тышкары башка жол эрежелерин бузган 64 айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодекси боюнча тиешелүү протоколдор толтурулган.

Талас ОИИБнын басма сөз кызматы

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.