Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга туруктуу аба каттамдарын көбөйтөт

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Орусиянын бийлиги 27-августтан тартып Венгрияга, Египетке, Кипрге, Кыргызстанга жана Тажикстанга туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабы кабарлады.

Мындан тышкары Доминикан Республикасына, Түштүк Кореяга жана Чехияга аткарыла турган туруктуу жана чартердик каттамдар үчүн бардык чектөөлөрдү алуу каралууда.

«Интерфакс» агенттиги белгилегендей, Орусия буга чейин аталган өлкөлөр менен авиабайланышты калыбына келтиргенин жарыялаган, бирок каттамдардын санына чектөөлөр бар болчу.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 27-мартынан тартып бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон. 2021-жылдын июнуна чейин 43 өлкө менен туруктуу аба каттамдары кайра калыбына келтирилген

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.