Кызыл-Кыяда жүргүзүлгөн “Өспүрүм” иш-чарасында жумушка тартылган жаш балдар аныкталды

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Кызыл-Кыяда жүргүзүлгөн “Өспүрүм” иш-чарасында жумушка тартылган жаш балдар аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Кызыл-Кыя шаарында 16-23-август күндөрү “Өспүрүм” иш-чарасы өткөрүлүп, Кызыл-Кыя ШИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери шаар аймагын кыдырып, кылмыштуулукту болтурбоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын жыйынтыгында “Таштемир-Ажы” базарында соода кылган 7, автоунаа жуучу жайда иштеген 2 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми жашоо-шарты оор кырдаалга кабылган 6 бала аныкталып, алардын баары Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Тирек” кризистик борборго жайгаштырылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.